ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ 10-июнь 2021-жыл № 2

ТОКТОМ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

10-июнь  2021-жыл  № 2                                                                                Ак-Талаа айылы

Малчылардын жайлоолорго көчүүсү жана көчүп келүүсү жөнүндө.

Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагында 2021-жылдын жазгы, жайкы, күзгү оруп-жыйуу иштерин уюшкандыкта өткөрүү жана дыйкандардын арпа, буудайларынын түшүмүн, аянттардагы көп жылдык чөп өсүмдүктөрүн коромжусуз жыйнап алуу максатында, ошондой эле Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарынын жана жамаат өкүлдөрүнүн сунуштарын угуп, Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык кенешинин XXVIII чакырылышындагы кезектеги II сессиясы, токтом кылат:

  1. Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын малчыларынын жазгы

жайлоолорго көчүүсү 25- апрелге чейин жана жайкы алыскы жайлоолорго (Кен-Суу, Солтон-Сары, Ак-Сай) көчүүсү 1-июлга чейин белгиленсин.

  1. Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын алыскы жана жакынкы

жайлоолордогу ( Кен-Суу, Солтон-Сары, Кара-Тал, Ак-Сай ) малчылардын 2021-жылдын 1-октябрына чейин Ак-Талаа, Эмгек-Талаа айылдарына жана кыштоолорго көчүп келүүсүнө жана малдардын айдап келүүсүнө тыюу салынсын.

  1. 20-апрель 2021-жылы чабандар менен өткөрүлгөн чогулуштун чечимине баш

ийбей тиешелүү жайыт билетин албай жайыт мыйзамына баш ийбеген, алыскы жайытка чыкпаган малчыларга мал башына 100 сомдон айып пул салынсын.

  1. Малдарын малчыларга кошпой ээн эркин чыгарып жиберген мал ээсинин

мал башына бодого 1000 сомдон айып пул салынсын.

  1. Айыл ичине алып калган тай, торпок, субай уйларга 1000 сомдон, кой,

эчкиге 300 айып пул салынсын.

  1. Уй кесүүнү үзгүлтүкө учуратып элдин үлүш жерине, эгиндерине зыян

келтирсе ар бир уй үчүн 1000 сом айып пул салынсын.

  1. Малдарын малчыларга кошпой ээн эркин чыгарып жиберген жарандарга, уй

кесүүнү үзгүлтүкө учуратып элдин үлүш жерине киргизип, эгиндерине зыян келтирген жаранга жана  айыл ичине алып калган тай, торпок, субай уйлардын  мал ээсине Кыргыз Республикасынын Бузуулар Кодексине ылайык  айып пул салынсын.

  1. 2021-жылдын 1-октябрына чейин Ак-Талаа, Эмгек-Талаа айылдарына

жана кыштоолорго көчүп келген жана малдарын айдап келген малчыларга Кыргыз Республикасынын Бузуулар Кодексине айып пул салынаары эскертилсин.

  1. Бул токтомду жеринде малчыларга жеткирүү жана аткарылышын

камсыздоо жагы  жайыт комитетинин төрагасы Токонов Элдиярга тапшырылсын.

 

Төрага                                                                                              Болот уулу Денисак

Комментирование запрещено