ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
10-июнь 2021-жыл № 3 Ак-Талаа айылы
Ички жайыт жерлерге мароторий жарыялоо жөнүндө.
Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык кенешинин XXVIII чакырылышындагы кезектеги II сессиясы, токтом кылат:
- Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын ички Кара-Тал, Ылайлуу-
Суу, Тегерек, Кызыл-Чыбыр жайыт жерлерине 1-июль 2021-жылдан 1-октябрь 2021-жылга чейин мароторий жарыялансын жана малчылардын көчүп баруусуна тыюу салынсын.
- Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын алыскы Кен-Суу жайыт
жерине малчылардын көчүп баруусуна чектөө киргизилсин.
- Бул токтомду жеринде малчыларга жеткирүү жана аткарылышын
камсыздоо жагы жайыт комитетинин төрагасы Токонов Элдиярга тапшырылсын.
Төрага Болот уулу Денисак