ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ 12-апрель 2019-жыл № 3. Ак-Талаа айылынын ат майданына ысым берүү жөнүндө

Shapka

ТОКТОМ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

12-апрель  2019-жыл  № 3                                                                       Ак-Талаа айылы

Ак-Талаа айылынын ат майданына ысым берүү жөнүндө

        Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын  6-майындагы №244 токтомунун 2-тиркемесине ылайык Эмгек-Талаа айылдык кенешинин XXVII чакырылыштагы  кезектеги  XX  сессиясы  токтом кылат:

  1. Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн Ак-Талаа айылынын ат майданына маркум Касымов Асанбектин  ысмы ыйгарылсын жана “Асанбек ата” атындагы ат майданы деп аталсын.
  2. Бул токтомго ылайык иш алып баруу жагы Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы А.Осмоновага тапшырылсын.

 

 

Төрага                                                                                                         Т. Кожогелдиев

Комментирование запрещено