ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
12-апрель 2019-жыл № 4 Ак-Талаа айылы
Эмгек-Талаа айылынындагы ветеринардык клиникага ысым берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы №244 токтомунун 2-тиркемесине ылайык Эмгек-Талаа айылдык кенешинин XXVII чакырылыштагы кезектеги XX сессиясы токтом кылат:
- Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн Эмгек-Талаа айылынындагы ветеринардык клиникага маркум ветеринардык врач Нарынбаев Темирбек Кадыровичтин ысмы ыйгарылсын жана “Темирбек ата” атындагы ветеринардык клиника деп аталсын.
- Бул токтомго ылайык иш алып баруу жагы Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы А.Осмоновага тапшырылсын.
Төрага Т. Кожогелдиев