ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
12-апрель 2019-жыл № 5 Ак-Талаа айылы
Ак-Талаа айылына эс алуу борборун уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы №244 токтомунун 2-тиркемесине ылайык Эмгек-Талаа айылдык кенешинин XXVII чакырылыштагы кезектеги XX сессиясы токтом кылат:
- Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн Ак-Талаа айылынын Кажырты аймагына туристерди кабыл алуу үчүн эс алуу борбору уюштурулсун. Эс алуу борбору “Кажырты” эс алуу борбору деп аталсын.
- Бул токтомго ылайык иш алып баруу жагы Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы А.Осмоновага тапшырылсын.
Төрага Т. Кожогелдиев