ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
12-апрель 2019-жыл № 6 Ак-Талаа айылы
Малчылардын жайлоолорго көчүүсү жана көчүп келүүсү жөнүндө.
Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагында 2019-жылдын жазгы, жайкы, күзгү оруп-жыйуу иштерин уюшкандыкта өткөрүү жана дыйкандардын арпа, буудайларынын түшүмүн, аянттардагы көп жылдык чөп өсүмдүктөрүн коромжусуз жыйнап алуу максатында, ошондой эле Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарынын жана жамаат өкүлдөрүнүн сунуштарын угуп, Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык кенешинин XXVII чакырылышындагы кезектеги XX сессиясы, токтом кылат:
- Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын малчыларынын жазгы
жайлоолорго көчүүсү 25- апрелге чейин жана жайкы алыскы жайлоолорго (Кен-Суу, Солтон-Сары, Кара-Тал,Ак-Сай) көчүүсү 2-июнга чейин белгиленсин.
- Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын алыскы жана жакынкы
жайлоолордогу ( Кен-Суу, Солтон-Сары, Кара-Тал, Ак-Сай ) малчылардын 2019-жылдын 1-октябрына чейин Ак-Талаа, Эмгек-Талаа айылдарына жана кыштоолорго көчүп келүүсүнө жана малдардын айдап келүүсүнө тыюу салынсын.
- Малдарын малчыларга кошпой ээн эркин чыгарып жиберген жарандарга , уй
кесүүнү үзгүлтүкө учуратып элдин үлүш жерине киргизип, эгиндерине зыян келтирген жаранга жана айыл ичине алып калган тай, торпок, субай уйлардын мал ээсине Кыргыз Республикасынын Бузуулар Кодексине ылайык айып пул салынсын.
- 2019-жылдын 1-октябрына чейин Ак-Талаа, Эмгек-Талаа айылдарына
жана кыштоолорго көчүп келген жана малдарын айдап келген малчыларга Кыргыз Республикасынын Бузуулар Кодексине айып пул салынаары эскертилсин.
- Бул токтомду жеринде малчыларга жеткирүү жана аткарылышын
камсыздоо жагы жайыт комитетинин төрагасы Сейитбек у Дүйшөнбек тапшырылсын.
Төрага Т.Кожогелдиев