ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
13-октябрь 2020-жыл № 2 Ак-Талаа айылы
Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын жайыт жерлерин трансформация кылуу жөнүндө.
Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын кезектеги ХХX сессиясы токтом кылат:
- “Тенир-Тоо” дыйкан чарбасынын башчысы А.Абдырасулов кайрылуусунда “Ылайлуу-Суу” участкасынан пайдаланып келген 8,0 га кайрак аянты жана Абдиев Кабылбек пайдаланып келген 3,0 га жер аянттары 2009-жылы жайыт жерлерин тактоо учурунда 8,0 га жер аянт жана 3,0 га жер аянттары жайыт жер аянтынын категориясына кирип калгандыгы тууралуу кайрылышкан.
- Ак-Талаа айылынын тургуну Андашов Улукбек “Нижний-Бас” участкасынан 5,0 га жер аянтын өздөштүрүп пайдаланып келген. 2009-жылы жайыт жерлерин тактоо учурунда 5,0 га жер аянты жайыт жер аянтынын категориясына кирип калгандыгы тууралуу кайрылган.
- “Ылайлуу-Суу” участкасынан 8,0 га жер аянтты жана 3,0 га жер аянттары, “Нижний-Бас” участкасынан 5,0 га жер аянтты кайрак жерлер категориясына которуп берүү үчүн Нарын райондук жер комиссиясына сунуш берүү жагы Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы А.Осмоновага тапшырылсын.
Төрага Болот у Денисак