ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
15-март 2018-жыл № 2 Ак-Талаа айылы
Эмгек-Талаа айыл аймагында маалымкаттарды берүү жөнүндө
Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын кезектеги Х сессиясы, токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 14-
январындагы №6 «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жыл 5-февраль №80 токтомуна ылайык Эмгек-Талаа айыл өкмөтү тарабынан берилүүчү маалым каттар акысыз берилсин.
- Бул токтомго ылайык иш алып баруу жагы Эмгек-Талаа айыл
өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Моютовго тапшырылсын.
- Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп,
emgektalaa.narun-region.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик актыларында белгиленген тартипте мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага Н.Абдрасулов