ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
15-март 2018-жыл № 3 Ак-Талаа айылы
Эмгек-Талаа айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө
Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын кезектеги Х сессиясы, токтом кылат:
- Эмгек-Талаа аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө
чоң салым кошкондуктары үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Баатырбеков Алмазбек Баатырбековичке, “ТИКА” уюмунун Кыргыз Республикасындагы програмдык координатору Али Муслу мырзага, Нарын шаарынын вице-мери Молдакыров Нурбек Асыранкуловичке Эмгек-Талаа айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
- Бул токтомго ылайык иш алып баруу жагы Эмгек-Талаа айыл
өкмөтүнүн башчысы О.Басылбековго тапшырылсын.
- Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп,
emgektalaa.narun-region.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик актыларында белгиленген тартипте мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага Н.Абдрасулов