ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
15-февраль 2017-жыл № 4 Ак-Талаа айылы
Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын «Бапин-Булак» таза суу бирикмесинин төрагасын дайындоо жөнүндө.
Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы токтом кылат:
- Эмгек-Талаа айыл аймагынын «Бапин-Булак» таза суу бирикмесинин
төрагасы Жамангулов Майрамбек Мукашович өзүнүн арызынын негизинде төрагалык кызматтан бошотулсун.
- Эмгек-Талаа айыл аймагынын «Бапин-Булак» таза суу бирикмесинин
төрагасы кызматына Абдрахманов Бактыбек дайындалсын.
- Абдрахманов Бактыбекке Эмгек-Талаа, Ак-Талаа айылдарынын
тургундарына үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз кылуу милдеттендирилсин.
- Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп,
emgektalaa.narun-region.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик актыларында белгиленген тартипте мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага Н.Абдрасулов