ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
15-февраль 2018-жыл № 2 Ак-Талаа айылы
Таштанды төгүүчү жайдын жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө
Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы, токтом кылат:
- Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн Ак-Талаа айылына таштанды төгүү
үчүн «Кайырма» участогунан эски топурак алуучу карьерден жайытка жана турак жай салууга жараксыз 0,15 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
- Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн Эмгек-Талаа айылына таштанды төгүү
үчүн «Көрүстөн» участогунан эски шагыл алуучу карьерден жайытка жана турак жай салууга жараксыз 0,15 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
- Бул токтомго ылайык иш алып баруу жагы Эмгек-Талаа айыл
өкмөтүнө тапшырылсын.
- Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп,
emgektalaa.narun-region.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик актыларында белгиленген тартипте мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага Н.Абдрасулов