ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
15-февраль 2018-жыл № 5 Ак-Талаа айылы
Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн Ак-Талаа айылындагы азык-түлүк дүкөнүн сатып алуу жөнүндө
Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы, токтом кылат:
- Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн Ак-Талаа айылындагы Нарын
өндүрүштүк кооперативине тиешелүү азык-түлүк дүкөнү, айылдык клубдун имараты катары пайдалануу үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен 150000 (жүз элүү миң) сомго сатылып алынсын.
- Бул токтомдун негизинде мыйзам чегинде иш алып баруу жагы
Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы О.Басылбековго тапшырылсын.
- Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп,
emgektalaa.narun-region.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик актыларында белгиленген тартипте мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага Н.Абдрасулов