ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
21-февраль 2019-жыл № 2 Ак-Талаа айылы
Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын жайыт комитетинин төлөмдөрүн бекитүү жөнүндө
Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын кезексиз XVIII сессиясы токтом кылат:
- Эмгек-Талаа айыл аймагынын жайыт комитетине төлөмдөр ар бир бодо малга (ири мүйүздүү мал, жылкы, төө) жылына 50-сомдон, майда жандыка (кой, эчки) 10-сомдон болуп бекитилсин.
- «АРИС» программасы менен келген МТЗ 82/2 трактор келишимдин негизинде Ак-Талаа айылынын тургуну Исаков Кенешбекке 1 жылдык мөөнөткө ижарага (ижара акысы 1 жылга 30000 сом) берилсин.
- Бул токтомду аткаруу жагы Эмгек-Талаа айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Сейитбек уулу Дүйшөнбекке милдеттендирилсин.
Төрага Т.Кожогелдиев