ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
26-январь 2018-жыл № 2 Ак-Талаа айылы
Эмгек-Талаа айылындагы көрүстөн участогу жөнүндө
Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы, токтом кылат:
- Эмгек-Талаа айылындагы көрүстөн участкасынын 1 гектар 05 сотых
жер аянты Эмгек-Талаа айылынын өтө жакыр үй-бүлөлөрүнө там салуу үчүн көрүстөн участкасынан бөлүнсүн.
- Бул токтомдун негизинде мыйзамга ылайык Нарын райондук жерге
жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасы менен биргеликте иш алып баруу жагы Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы О.Басылбековго тапшырылсын.
- Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп,
emgektalaa.narun-region.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик актыларында белгиленген тартипте мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага Н.Абдрасулов