ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ 3-ноябрь 2020-жыл № 2

ТОКТОМ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

  3-ноябрь  2020-жыл  № 2                                                                         Ак-Талаа айылы

Эмгек-Талаа айылын органикалык аймакка өткөрүү жөнүндө

    Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнө караштуу Эмгек-Талаа айылында органикалык айыл чарбасынын жана жаратылыш ресурстарын үнөмдөөчү технологияларын жайылтуу, айыл жашоочуларына экологиялык таза, органикалык азыктарды өндүрүүгө шарттарды түзүп, аларды таза азыктар менен камсыз кылуу, өндүрүлгөн азыктарды сатууга өбөлгө түзүү менен айыл жашоочуларынын экономикалык абалдарын жакшыртуу аркылуу айыл жеринде туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу максатында Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык кенешинин XXVII чакырылыштагы кезектеги XXXI  сессиясы, токтом кылат:

  1. Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнө караштуу Эмгек-Талаа айылы “Эмгек-Талаа органикалык аймагы” болуп түзүлсүн.
  2. Органикалык аймкта органикалык айыл чарба технологияларын жайылтуу, биопрепараттарды, этномофагдарды колдонуу, органикалык жер семирткичтердми өндүрүү, органикалык азыктарды өндүрүү, кайра иштетүү, тангактоо, сактоо, сатуу стандарттарды жана сертификаттоо эрежелери боюнча практикалык жардамдарды алуу жана ошондой эле мындан ары органикалык аймактагы чарбалык иштерди жандандыруу үчүн инвестиция тартуу үчүн Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Органикалык айыл чарба департаментинен суралсын.
  3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы А.Осмоновага тапшырылсын.

Төрага                                                          Болот  уулу Денисак

Комментирование запрещено