ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
5-март. 2019-жыл № 5 Ак-Талаа айылы
Жыл башында калган калдыктын сметасын бекитүү
Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн жыл башында калган калдыктын сметасын бекитүү боюнча (бюджеттик счет 1116,8 мин сом мунун ичинен жайыт 244,6ө872,2-115,9ө756,3 мин сом) Эмгек-Талаа аймагынын айылдык Кенешинин XXVII чакырылышында кезексиз XIX сессиясы, токтом кылат:
- 1.01.2019- жылдын бюджеттик счетто жыл башында калган калдыктан- 756,3 мин сомдун сметасы төмөндөгүдөй бекитилсин.
Башкаруу аппараты — 756,3 мин сом
2111 ст: — 112,8 мин сом КРӨнүн 2013-жылдын 2-октябрындагы № 543 токтомунун, Нарын райондук мамлекеттик администрациянын коллегиясынын заседаниесинин 2016-жылдын 21- апрелиндеги № 2/1 токтомунун жана 2018-жылдын 21- декабрындагы № 1492/02 катынын негизинде штатык бирдик 1(бир) эсепчи кызмат орду ачылып, айлык акысы жетектөөчү адистин айлык акысынын деңгээлинде төлөнүлүп берилсин. 2020-жылдан жалпы штаттык бирдикке (ТОПко) киргизилсин.
2121 ст: — 19,5 мин сом 17,25% соц фондго чегерүүгө
2823 1100 ст: — 510,3 мин сом эсеп счет кайра-кайра арестке түшүп жаткандыктан, Нарын облусунун райондор аралык сотунун ИШ № ЭД-301/16 -МН 2016-жылдын 18-октябрындагы чечиминин негизинде КР КМ караштуу Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондусунун пайдасына, «Кажырты» СПАсынан КБФ 605 га жерге суу пайдаланган үчүн төлөнүлүп берилсин.
2215 4900 ст: — 16,2 мин сом мунун ичинен: бепсайтка токтомдорду жарыя кылууга -14,0 мс, архивден жер карталарынын көчүрмөлөрүн алууга-2,2 мс
2222 1200 ст: — 10,0 мин сом ВУСка военкоматка сборго 3 адамга ар кандай керектүү ийдиш-аяк жб сатып берүүгө
3111 1390 ст: — 87,5 мин сом АРИСке проекти өткөрүүгө өздүк салым кап ремонт үчүн
- КР салык эмес төлөмүнө 2018-жылы өзгөрүү киргизилип 1.01.2019-жылдан күчүнө киргенине байланыштуу таштанды жыйым түтүн башына- 10 сом болсо, 2019- жылдан жан башына 1-10 жашка чейин- 3 сомдон, 10 жаштан жогору — 10 сомдон бекитилсин.
1-июль 2019- жылга толук чогултуп төгүү салык боюнча башкы адис С.Нарынбаевге тапшырылсын.
- Бюджеттик эсеп счетто жыл башында калган калдыктын сметасын бекитип берүү жагы КР ФМ Нарын башкармалыгынан суралсын.
- Токтомдун аткарылышы бөлүм башчы Г.Боогазиевага милдеттендирилсин.
Төрага Т.Кожогелдиев.