ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ 7-апрель 2020-жыл № 4

ТОКТОМ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

7-апрель   2020-жыл  № 4                                                                                Ак-Талаа айылы

Эмгек-Талаа айыл аймагында спирт ичимдиктерин сатууга чектөө киргизүү жөнүндө.

           Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-март №28 буйругунун негизинде түзүлгөн штабдын 7-апрель 2020-жылдагы отурумунун № 5 протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 15-пунктуна ылайык Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын кезексиз  ХХVIII  сессиясы, токтом кылат:

 

  1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кенештердин депутаттарынын

статусу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 15-пунктуна ылайык Эмгек-Талаа айыл аймагындагы соода кылуучу дүкөндөр эртен мененки саат 8-00 дөн кечки саат 18-00 чейин соода кылууга чектөө киргизилсин.

  1. Эмгек-Талаа айыл аймагындагы соода кылуучу дүкөндөр Эмгек-Талаа айыл

аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-март №28 буйругунун негизинде түзүлгөн штабдын 7-апрель 2020-жылдагы отурумунун № 5 протоколунун негизинде Коронавирус илдетин алдын алуу жана Жарандык коргонуунун башкарууну уюштуруу иштери бүткөнгө чейин спирт ичимдиктерин сатпоого чектөө киргизилсин.

  1. Бул токтомго ылайык иш алып баруу жагы Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн

башчысы А.Осмоновага тапшырылсын.

Төрага                                                                             Болот у Денисак

Комментирование запрещено