ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
7-декабрь 2018-жыл № 2 Ак-Талаа айылы
Эмгек-Талаа айыл аймагында USAIDдин «Ийгиликтуу аймак» долбоору кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Жумушчу Комиссиянын Жобосун бекитүү
жөнүндө
Эмгек-Талаа айылдык кенешинин 2019-2020-жылдарга карата бюджеттин проектисин талкулоо үчүн депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен Эмгек-Талаа айылдык кенешинин XXVII чакырылыштагы кезектеги XVI сессиясы токтом кылат:
- USAIDдин «Ийгиликтуу аймак» долбоору кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана айыл өкмөтүнүн башкаруучулук ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча Жумушчу Комиссиянын Жобосу бекитилсин
- Эмгек-Талаа айыл өкмөтүндөгү жаныдан түзүлгөн Жумушчу Комиссия Жобонун негизинде иш алып барсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин экономика, бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Т. Кожогелдиев