ТОКТОМ ПОСТАНОВЛЕНИЕ 7-декабрь 2018-жыл № 5

toktom-shapka

ТОКТОМ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

7-декабрь  2018-жыл  № 5                                                                                  Ак-Талаа айылы

 

Эмгек-Талаа айылына коомдук кичине эс алуу сейил бакча уюштуруу  жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын  6-майындагы №244 токтомунун 2-тиркемесине ылайык Эмгек-Талаа айылдык кенешинин XXVII чакырылыштагы  кезектеги  XVI  сессиясы  токтом кылат:

  1. Эмгек-Талаа айылынын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын жанынан муниципалдык менчикте бош турган 0,07 га жер аянтына коомдук эс алуу сейил бакчасы уюштурулсун.
  2. Эмгек-Талаа айылынын айылдык коомдук эс алуу сейил бакчасына маркум Абдыкадыров Алымбайдын ысмы ыйгарылсын жана “Алымбай- ата” коомдук эс алуу бакчасы деп аталсын.
  3. Бул токтомго ылайык иш алып баруу жагы Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы А.Осмоновага тапшырылсын.

 

 

 

 

 

 

Төрага                                                                                                         Т. Кожогелдиев

Добавить комментарий