ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
8-июнь 2020-жыл № 1 Ак-Талаа айылы
Эмгек-Талаа айылдык кенешинин 2020-жылга жайыт комитетинде жыл башында калган калдыктын сметасын бекитүү жөнүндө.
Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын кезектеги ХХIX сессиясы токтом кылат:
- 01.2020-жылдын бюджеттик эсепте жыл башында калган калдык 268,0 мин сом, мунун ичинен – 148000 мин сомдун сметасы төмөндөгүдөй бекитилсин.
Жайыт комитети-148000 мин сом
22154900-статьяга 148000 мин сом, Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн Солтон-Сары жайлоосуна малдарды даарылоо үчүн раскол салуу үчүн ар кандай курулуш материалын сатып алууга бекитилсин.
- Бюджеттик эсепте жыл башында калган калдыктын өзгөрүү киргизилген сметасын бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Нарын башкармалыгынан суралсын.
- Токтомдун аткарылышы финансы иштери, экономиканы өнүктүрүү жана инвестиция тартуу бөлүмүнө тапшырылсын.
Төрага Болот у Денисак