ТОКТОМ 22-декабрь 2021-жыл. № 1

ТОКТОМ

 

22-декабрь 2021-жыл.   № 1                                                                                             Ак-Талаа айылы

Эмгек-Талаа айыл аймагынын бюджетинин эсебиндеги каражаттан

2022-жылдын планына ылайык пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө

 

Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюжет жана этика комиссиясынын, айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын баяндамасынын угуп жана талкуулап Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVIII чакырылыштагы кезексиз VIII  сессиясынын, токтом кылат:

  1. Эмгек-Талаа айыл айагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Талаа айылындагы Алмазбек Абдразаков атындагы клубдун имаратын капиталдык ремонту боюнча үлүштүк грантка жазылган сметалык баасы 3 221 972 (үч миллион эки жүз жыйырма бир миң тогуз жүз жетимиш эки) сомдук долбоор жактырылсын.

 

  1. Үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен каржылана турган Ак-Талаа айылындагы Алмазбек Абдразаков атындагы клубдун имаратын капиталдык ремонту боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында, өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен 644 472 (алты жүз кырк төрт миң төрт жүз жетимиш эки) сом каражаты 2022-жылдын бюжетинен каралсын.

 

  1. Токомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Мукашовго милдеттендирилсин.

 

Төраганын орун басары                                                           Аалы уулу Сүйүндүк

 

Жонотулсун: Иш кагаздарга, КР финансы министрлигинин Нарын башкармалыгына

Комментирование запрещено