ТОКТОМ
9-сентябрь 2021-жыл № 1 Ак-Талаа айылы
Эмгек-Талаа айылындагы Керимбай уулу Сарыбай атындагы орто мектебинин эски имараты жөнүндө.
Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы, токтом кылат:
- Эмгек-Талаа айылындагы Керимбай уулу Сарыбай атындагы орто мектебинин эски авариялык абалдагы №1 корпусу бузулсун.
- Эмгек-Талаа айылындагы Керимбай уулу Сарыбай атындагы орто мектебинин эски авариялык абалдагы №1 корпусунун бузулушуна көзөмөлдүк кылып жарактуу материалдарын аныктоо үчүн комиссия түзүлсүн. (тиркеме тиркелет).
- Комиссия мүчөлөрүнө мектептин №1 корпусунун бузулушуна жана жарактуу материалдарын акт түзүү менен аныктап сатууга көзөмөлдүк кылышсын, түшкөн акча каражаттары мектептин ички муктаждыктарына пайдаланылсын.
- Бул токтомго ылайык иш алып баруу жана көзөмөлдүк кылуу жагы Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы К.Мукашовго тапшырылсын.
Төрага Болот у Денисак
Эмгек-Талаа айылдык кенешинин
XXVIII чакырылыштагы кезексиз VII
сессиясынын №1 токтомуна тиркеме
9-сентябрь 2021-жыл
Эмгек-Талаа айылындагы Керимбай уулу Сарыбай атындагы орто мектебинин эски авариялык абалдагы №1 корпусунун бузулушуна көзөмөлдүк кылып жарактуу материалдарын аныктоо үчүн түзүлгөн комиссиянын курамы.
- Аалы уулу Сүйүндүк – Эмгек-Талаа айылдык кенешинин төрагасынын
орун басары, комиссиянын төрагасы
- Сартманбетова Назира- Керимбай уулу Сарыбай атындагы орто
мектебинин директору, комиссиянын төрагасынын
орун басары
Мүчөлөрү:
- Замир уулу Жумабек- Эмгек-Талаа айылдык кенешинин депутаты
- Сарыбаева Бактыгүл- Эмгек-Талаа айылдык кенешинин депутаты
- Чикилинов Майрамбек- Керимбай уулу Сарыбай атындагы орто мектебинин
директорунун чарбалык иштер боюнча орун басары
- Сейитбек уулу Дүйшөнбек- Эмгек-Талаа айылынын тургуну
- Жылчымышова Гүлбара- Эмгек-Талаа айылынын аялдар кенешинин
төрайымы
- Асакеев Садыбакас- Эмгек-Талаа айылынын имамы
- Дүйшөнбиев Асанжан- Эмгек-Талаа айылынын айыл башчысы
- Султангазиев Рахат- Эмгек-Талаа айылынын тургуну
- Арпачиева Салтанат- Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы
- Сейдакматов Азамат- Эмгек-Талаа айылынын тургуну
- Ортокбаева Жээнбүбү- Эмгек-Талаа айылынын тургуну
айылдык кенешинин төрагасы Болот у Денисак