Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVI чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын ТОКТОМУ

toktom-shapka

Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVI чакырылышынын  кезексиз VI сессиясынын

ТОКТОМУ

14- сентябрь   2013-жыл № 1                                                                          Ак-Талаа айылы

Алькоголдук ичимдиктерди сатууга тыюуу салуу жөнүндө.

         Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагында ар кандай укук бузу жана кылмыштуулук фактыларын, үй-бүлөөлүк зордук-зомбулук факторлорун жана жарандардын ден-соолугунун коорсуздугун алдын алуу максатында, оэле Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн, Эмгек-Талаа айыл аймагындагы мекеме-уюмдардын жана жаамат өкүлдөрүнүн сунуштарын угуп, Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши, токтом кылат:

 

  1. Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагында 2013-жылдын 1-

октябрынан тартып алькоголдук ичимдиктерди мыйзамсыз сатууга тыюу салынсын.

  1. 2013-жылдын 1-октябрынан кийин алькоголдук ичимдиктерди саткан

жарандарга карата 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө айып салынып, материалдар укук коргоо жана тийиштүү органдарына өткөрүлүп берилсин.

  1. Нарын облустук Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү

башкармалыгынан, Нарын райондук прокуратурасынан, Нарын райондук ички иштер бөлүмүнөн жана салык жана жыйымдар боюнча Нарын райондук башкармалыгынан мыйзамсыз алькоголдук ичимдиктерди саткан жарандарга карата мыйзамдарда белгиленген тартипте жаза чараларын көрүү жагы суралсын.

  1. Бул токтомду аткарууну уюштуруу жана айыл тургундарынын,

чакан ишкерлердин арасында түшүндүрүү иштерин көрүү жагы Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р.Эсенбековго тапшырылсын.

Төрага                                                                       А.Эсенбеков

Комментирование запрещено