Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVI чакырылышынын кезексиз VI сессиясынын
ТОКТОМУ
14- сентябрь 2013-жыл № 3 Ак-Талаа айылы
Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык кенешинин токтомдорун мамлекеттик тилде гана кабыл алуу жөнүндө.
Эмгек-Талаа айыл аймагында мамлекеттик тилди билген адамдардын көпчүлүгү жашагандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасындагы ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 26-беренесине ылайык Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши, токтом кылат:
- Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык кенешинин токтомдору
мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
- Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп
Emgektalaa.naryn-region.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылышын контролдоо Эмгек-Талаа айыл аймагынын
айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эсенбековго жүктөлсүн.
Төрага А.Эсенбеков