Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVI чакырылышынын IX сессиясынын
ТОКТОМУ
1-апрель 2014-жыл № 4 Ак-Талаа айылы
Малчылардын жайлоолорго көчүүсү жана көчүп келүүсү жөнүндө
Нарын районyнун Эмгек-Талаа айыл аймагында 2014-жылдын жайкы, күзгү оруп- жыюу иштерин уюшкандыкта өткөрүү жана дыйкандардын арпа, буудайларынын түшүмүн, аянттардагы көп жылдык чөп өсүмдүктөрүн коромжусуз жыйнап алуу максатында, ошондой эле Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарынын жана жамаат өкүлдөрүнүн сунуштарын угуп, Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVI чакырылышынын IХ сессиясы, токтом кылат:
- Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын малчыларынын
жазгы жайлоолорго көчүүсү 25-апрелге чейин жана жайкы алыскы жайлоолорго (Кен-Суу, Солтон-Сары, Кара-Тал) көчүүсү 25-июнга чейин белгиленсин.
- Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын алыскы жана
жакынкы жайлоолордогу (Кен-Суу, Солтон-Сары, Кара-Тал) малчылардын 2014-жылдын 1-октябрына чейин Ак-Талаа, Эмгек-Талаа айылдарына жана кыштоолорго көчүп келүүсүнө жана малдардын айдап келүүсүнө тыюу салынсын.
- 2014-жылдын 1- октябрына чейин Ак-Талаа, Эмгек-Талаа
айылдарына жана кыштоолорго көчүп келген жана малдарын айдап келген малчыларга 20 000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө айып салынаары эскертилсин.
- Бул токтомду жеринде малчыларга жеткирүү жана аткарылышын
камсыздоо жагы Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эсенбековго тапшырылсын.
Төрага А.Эсенбеков