Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVI чакырылышынын X кезектеги сессиясынын
ТОКТОМУ
21-июнь 2014-жыл № 1 Ак-Талаа айылы
Муниципалдык ишканаларга жер участогун бөлүп берүү жөнүндө
Эмгек-Талаа айыл аймагында күнөөскана курууну өркүндөтүү, багбанчылык мене ниш жүргүзгөн жарандарга күнөөскана курууну үйрөтүү тажрыйбалоо максатында Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVI чакырылышынын X кезектеги сессиясы, токтом кылат:
- Нарын облусунда күнөөсканаларды курууну өркүндөтүү»
долбоорунун алкагында Япониялык эл аралык кызматташтык агенствосунун (JICA) каражаты менен курула турган муниципалдык күнөөскана курууга жана жашылдандырууу иштерин жүргүзүүгө калкттуу конуштун башкы планына ылайык Ак-Талаа айылынан 0,05 га жер участогу бөлүнүп берилсин.
- Нарын райондук архитектура жана шаар курулуш
башкармалыгынан муниципалдык күнөөскана курууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эсенбековго милдеттендирилсин.
Төрага А.Эсенбеков