Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVI чакырылышынын XI кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ
29-октябрь 2014-жыл № 1 Ак-Талаа айылы
Чөпкө чабылган дан эгиндерин чыгыштоо жөнүндө
Нарын районyнун Эмгек-Талаа айыл аймагында 2014-жылдын жаз, жай мезгилдери кургакчыл болуп айрым участкалардагы дан эгиндери чөпкө чабылгандыгына байланыштуу жана Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн өтүнүч катынын негизинде, Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVI чакырылышынын XI кезексиз сессиясы, токтом кылат:
- Эмгек-Талаа айыл аймагында 2014-жылдын жаз, жай мезгилдери
кургакчыл болгондуктан жана айрым себептерден улам чөпкө чабылган 20 (жыйырма) га арпа аянттары Эмгек-Талаа айыл аймагынын дан эгиндери боюнча көрсөткүчүнөн чыгарылсын.
- Ушул токтомдун негизинде тийиштүү иш кагаздарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жагы Нарын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынан жана Нарын райондук статистика бөлүмүнөн суралсын.
- Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Р.Эсенбековго айыл аймагынан арпаны жана тоюттун түрлөрүн сыртка сатыкка чыгарбоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Эмгек-Талаа айыл
өкмөтүнүн башчысы Р.Эсенбековго милдеттендирилсин.
Төрага А.Эсенбеков