Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVI чакырылышынын кезектеги XIII сессиясынын ТОКТОМУ
«26» март 2015 жыл №3 Ак-Талаа айылы
Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн административдик имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү жөнүндө.
Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши, токтом кылат:
- Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн административдик
имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн жергиликтүү бюджетен 188200 (бир жүз сексен сегиз миң эки жүз) сом бөлүнүп берилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы Эмгек-Талаа айыл
өкмөтүнүн башчысы Р.Эсенбековго милдеттендирилсин.
Төрага А.Эсенбеков