Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XIX сессиясынын ТОКТОМУ №1

toktom-shapka

ТОКТОМ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

22-август  2016-жыл  № 1                                                                                    Ак-Талаа айылы

           Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн мамлекеттик каттоо комитетинин алдындагы ЖААК жана калкты каттоо департаменти менен Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн мамлекеттик каттоо комитетинин алдындагы ЖААК жана калкты каттоо департаменти менен Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө маселени Кыргыз Республикасынын Конституциясын, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамдарынын негизинде Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык кенешинин XXVI чакырылышындагы кезексиз  XIX сессиясы, токтом кылат:

  1. Райондук жарандык актыларын каттоо бөлүмүнө жарандардын туулгандыгы жөнүндө актыны, никелешүү жөнүндө актыны, өлгөндүгү жөнүндө актыны аныктоо жөнүндөгү актыны каттоо жана чогултуу боюнча, документтерди алууга жана жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарым укутарды берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын +кмөтүнүн мамлекеттик каттоо комитетинин алдындагы ЖААК жана калкты каттоо департаменти менен Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишим бекитилсин.
  1. Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп emgektalaa.narun-region.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эсенбековго тапшырылсын.

Төрага                                                                                                                     А.Эсенбеков

Добавить комментарий