ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
22-август 2016-жыл № 2 Ак-Талаа айылы
Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүндө өкмөтүнүн алдындагы администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиясынын жобосун бекитүү жөнүндөгү
Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык кенешинин XXVI чакырылышындагы кезексиз XIX сессиясы, токтом кылат:
- Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүндө өкмөтүнүн алдындагы администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиясынын жобосу бекитилсин.
- Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүндө өкмөтүнүн алдындагы администрациялык укук бузуулар боюнча комиссиясынын курамы жобого ылайык түзүлсүн.
- Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп emgektalaa.narun-region.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Эсенбековго милдеттендирилсин
Төрага А.Эсенбеков