Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVI чакырылышынын кезектеги III сессиясынын ТОКТОМУ

toktom-shapka

Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVI чакырылышынын  кезектеги III сессиясынын

ТОКТОМУ

15-февраль 2013-жыл № 3                                                                                 Ак-Талаа айылы

          Эмгек-Талаа айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен 2012-жылдын аткарылган пландан калган ашыкча калган 169 000 (жүз алтымыш тогуз миң) сомду бөлүштүрүү жөнүндө.

Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенеши, токтом кылат:

  1. 2012-жылдан калган калдык 169000 миң сом социалдык обьектилерге

жана ар кандай чыгымдарга төмөндөгүдөй бөлүнсүн

— «Нарын» асыл тукум жылкы заводунун конторасын сатып алуу үчүн-76300 сом

— Айыл өкмөтүнүн автомашинасынын күйүүчү майы үчүн- 10000 сом

— «Ак-Талаа- келечеги» бала бакчасына муздаткыч алуу үчүн- 10000 сом

— Ак-Талаа, Эмгек-Талаа айылдарындагы ФАПтарын ремонттоо үчүн- 10000 сом

— Керимбай уулу Сарыбай атындагы орто мектебинин ремонту үчүн – 9800 сом

— Айылдык кенешинин жобосун, регламентин, айыл өкмөтүнүн Уставын

мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн- 2412 сом

— Ж.Мамбетов атындагы орто мектебинин ремонту үчүн- 4000 сом

— Даталуу күндөрү социалдык жардамга муктаж адамдарды колдоо үчүн-

26488 сом

— Социалдык жана башка обьектилерди курууга байланышкан жер

маселелерин чечүү үчүн – 20000 сом

  1. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу Эмгек-Талаа айыл

өкмөтүнүн башчысы Р.Эсенбековго милдеттендирилсин.

 

Төрага                                                 А.Эсенбеков

Комментирование запрещено