ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
29-сентябрь. 2016-жыл № 1 Ак-Талаа айылы
Комиссия түзүү жөнүндө
Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн административдик имаратынын капиталдык ремонттунун сапаттуу жүрүшүнө көзөмөлдүк кылуу максатында Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XX сессиясы, токтом кылат:
- Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн административдик имаратынын капиталдык ремонттунун сапаттуу жүрүшүнө көзөмөлдүк кылуу максатында төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн.
Эсенбеков Адыл Эсенбекович- Эмгек-Талаа айылдык кенешинин төрагасы- комиссиянын төрагасы
Мүчөлөрү:
Олжобаев Адилет Асанкадырович- Эмгек-Талаа айылдык кенешинин депутаты
Арпачиев Талантбек Шарипович- Эмгек-Талаа айылдык кенешинин депутаты
Турузбаев Рүстөм Мурзабекович- Эмгек-Талаа айылдык кенешинин депутаты
Моютов Каныбек Аманбекович- Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы
- Комиссия мүчөлөрүнө административдик имараттын капиталдык ремонтунун сапаттуу жазалышына дайыма көзөмөлдүк кылуу жагы милдеттендирилсин.
- Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп emgektalaa.narun-region.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага А.Эсенбеков