Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XX сессиясынын ТОКТОМУ №2

toktom-shapka

ТОКТОМ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

  29-сентябрь.  2016-жыл  № 2                                                                           Ак-Талаа айылы

Техникалык каражатты пайдалануу жөнүндө

      Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун (АРИС) «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү» долбоорун Эмгек-Талаа айыл аймагында натыйжалуу жүзөөгө ашыруу, муниципалдык менчик каражаттарды пайдаланууну жөнгө салуу максатында, Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XX сессиясы, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Мүлккө муниципалдык менчик укугу жөнүндө» Мыйзамдарынын ченемдерин  жетекчиликке алып, токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун (АРИС) «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү» долбоорунун алкагында алынган «Беларус-82.1» маркасындагы трактору «Универсал-800» жүктөгүчү менен Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын.
  2. Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнө төмөндөгүлөр тапшырылсын:

— бир айлык мөөнөт ичинде Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү» долбоору боюнча баардык иш кагаздарын толуктап өткөрүп берүү;

— «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү» долбоорунун алкагында алынган каражаттарды муниципалдык менчикке кабыл алып жайыт комитетине өткөрүп берүү;

— Эмгек-Талаа айыл аймагынын жайыт комитетин кызматтык бөлмө, керектүү инвентар (стол, стул ж.б.) менен камсыз кылуу;

— инвестиялык каржы булактары менен алынган каражаттарды толук, ощ абалда сакталышын камсыздоо чараларын көрүү алынып келинген техникалык каражатты пайдалануу эрежелерин иштеп чыгып бекитүү;

— Эмгек-Талаа айыл аймагынын жайыт комитетин кызматтык бөлмө, керектүү инвентарлар (стол, стул, шкаф ж.б.) менен камсыз кылуу.

  1. Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, emgektalaa.narun-region.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик актыларында белгиленген тартипте мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  2. Токтомдун аткарылышын контролдоо айылдык кещештин бюджеттик комитетине тапшырылсын.

Төрага                                                                                                                                А.Эсенбеков

Добавить комментарий