Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын кезектеги III сессиясынын Токтому №1

toktom-shapka

ТОКТОМ

ПОСТАНОВЛЕНИЕ

1-март.  2017-жыл  № 1                                                                                        Ак-Талаа айылы

Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн жер комиссиясын түзүү  жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2007-жылдын 29-июнунундагы «Айыл чарба жерлерин, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү тартиби жана шарттары жөнүндөгү» 1997-III токтому менен бекиген типтүү жобонун 21-22- пунктарынын негизинде, Эмгек-Талаа айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVII чакырылышынын кезектеги  III сессиясы, токтом кылат:

  1. Эмгек-Талаа айыл аймагында айыл чарба жерлерин, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин тактоо жана аларды ижарага берүү боюнча комиссия төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн.

Мукашов Кубанычбек —            Эмгек-Талаа айылдык кенешинин

депутаты — комиссиянын төрагасы

Сабитов Хусейин-                     Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн  жерге

жайгаштыруу ,айыл чарбасы боюнча

башкы адис- комиссиянын катчысы

Мүчөлөрү:

Таалайбек уулу Азат  —             Эмгек-Талаа айылдык кенешинин

депутаты

Арпачиев Талантбек —               Эмгек-Талаа айылынын тургуну

Оморов Ырсаалы-                     Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн жер турак

жай, коммуналдык маселер жана өзгөчө

кырдаалдар боюнча жетектөөчү адис

Дүйшөнбиев Асанжан-             Эмгек-Талаа айылынын айыл башчысы

Рахматов Аманбек-                   Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн кызматкери

  1. Эмгек-Талаа айыл аймагында айыл чарба жерлерин, кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүүдө ижара акылары суу баскан айдоо аянттарына 1500 (бир мищ беш жүз) сомдон, ал эми насос менен сугарылуучу айдоо аянттарына 1000 (мищ) сомдон кем болбоосу белгиленсин
  2. Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнө 10 (он) күндүк мөөнөт ичинде төмөндөгүдөй иш-чараларды жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.

— айыл чарба жерлеринин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү, мыйзамдарда каралган учурларда ижара келишимдерин токтоуу боюнча Жобону иштеп чыгып бекитүү,

— айыл аймактарында айыл чарба жерлеринин кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине так инвентаризация жүргүзүү менен комиссияга сапаттуу материалдарды камсыз кылуу.

  1. Токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, narun-region.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик актыларында белгиленген тартипте мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

Төрага                                                                                                                      Н.Абдрасулов

 

Добавить комментарий